Кытайлык окутуучулар ОшМУда тажрыйбасы менен бөлүшүүдө

Башкы Жаңылыктар

Кытайлык окутуучулар ОшМУда тажрыйбасы менен бөлүшүүдө

Image

Ош облусундагы 20дан ашуун кытай тили окутуучулары ОшМУда квалификацияны жогорулатуу курстарынан өтүп жатат. Синьцзян педагогикалык университетинен келген адистер бир жума билим берет. Кытайлык адистер тажрыйбасы менен бөлүшүп, кытай тилин окутуу боюнча заманбап ыкмаларды, көндүмдөрдү үйрөтүүдө.

Окуу курсу Кытайдын Билим берүү министрлгинин алдындагы “Кытай тили жана чет тилдери кызматташтык борбору”, ОшМУнун кыргыз-кытай факультети жана Синьцзян педагогикалык университети тарабынан демилгеленип уюштурулган.

Окуу курсунун аягында эл аралык сертификаттар тапшырылып, курстун катышуучулары менен кайтарым байланыштар болот.

Квалификацияны жогорулатуу курсу жергиликтүү кытай тили боюнча окутуучулардын профессионалдык көндүмдөрүн өнүктүрүү, заман талабына жараша жаңы методика жана технологияларды колдонуп сабактарды уюштурууга көмөк көрсөтүү максатында өткөрүлүүдө.

Кытай тили окутуучуларынын квалификациясын жогорулатуу курстары алгачкы жолу 2018-жылы болгон.

Фото галерея