Баткендик жаштар ОшМУнун Бизнес паркы менен таанышты

Башкы Жаңылыктар

Баткендик жаштар ОшМУнун Бизнес паркы менен таанышты

Image

Баткен облусунун Лейлек районунун Тажикстан менен чектеш аймактарынан келген 40тан ашуун активдүү жаштар, студенттер ОшМУнун Бизнес паркынын ишмердүүлгү менен таанышты. 
Бизнес парктын директору Эрлан Камалов жана Ош шаарынын депутаты Медер Абдыманапов  жаштарды колдоого болгон мүмкүнүлүктөр жөнүңдө айтып беришти.  Ошондой эле, коноктор ОшМУдагы студенттерге түзүлгөн шарттар менен таанышып, бизнес идеялар, ишкердүүлүк боюнча маалымат алышты.
ОшМУнун Бизнес паркы тарабынан берилген гранттардын арасында Баткен облусунун жаштары да бар. Бизнес парк жаштардын өнүгүүсүнө кызыктар тараптар менен иштешип аларга шарт түзүүнү улантып келет.
ОшМУнун Бизнес паркы иштеп баштагандан бери 13 жолу тренинг өткөрүлүп, анда 500дөн ашуун бизнес-идеянын авторлору окутулду. Ар бир бизнес-тренинг алты күнгө созулуп, жыйынтыгында стартап- долбоордун презентациясы даярдалып, аны жактап инвесторлорго сунушташты. 
Жалпысынан 7 млндон ашуун каражатка 49 бизнес долбоорлор жана стартаптар инвесторлор тарабынан жактырылып каржыланды.

Фото галерея