ОшМУнун ректору киноакадемиянын ишмердүүлүгү менен таанышты

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун ректору киноакадемиянын ишмердүүлүгү менен таанышты

Image

Окуу жайдын ректору Кудайберди Кожобеков Искусство факультетинде болуп, киноакадемиянын ишмердүүлүгү, материалдык-техникалык базасы менен таанышты. Окуу жайдын жамааты менен болгон жолугушууда университеттин алдыга койгон максаттуу иш-аракеттери тууралуу айтып, киноакадемиянын бул багытта жасала турган иштерде салымы чоң экендигин белгиледи.

Кыргыз киносун, театрын өнүктүрүү максатында ачылган киноакадемиянын материалдык-техникалык базасын чыңдоо үчүн окуу жай 3млн. 600миң сом каражат бөлгөн. Алдыда киноакадемия ОшМУнун  85 жылдык мааракесине карата 1 толук метраждуу көркөм тасма, 1 даректүү тасманы тартууну пландаштырып жатат.

Окуу жайдын киноакадемиясы ачылгандан тарта 5 спектакль, 9 кыска метраждуу тасма, 1 даректүү тасма, 5 видео клип тартылып, 8 массалык оюн-зоок программалары коюлган. 2023-жылы Молдо Нияздын 200 жылдыгына карата киноакадемия “Молдо Нияз Эрназар уулу” даректүү-көркөм тасмасын тартып, көрүүчүлөргө тартуулаган.

Фото галерея