![](https://oshsu.kg/storage/uploads/thumbnail/yWRKJxnnBdS2Xb4NdqVZ02Z5Nkv4WbgYKANpD79O.jpeg)
Илим жумалыгынын алкагында 23-апрель күнү Искусство факультетинде дизайн кафедрасы тарабынан "Эн мыкты жаш дизайнер" жана интерьер дизайн боюнча конкурстары уюштурулду. Иш-чарада студенттердин колунан жаралган эмгектер жана мода кийим дизайны боюнча коллекциялар көрсөтүлдү.
Жумалыктын алкагында 20-апрелде бүтүрүүчү курстардын отчеттук көркөм көргөзмөсү, 21-апрелде “Искусство дүйнөлүк маданияттын интеграциясында” аттуу илимий практикалык конференция өттү. 22-апрелде графика, живопись, интерьер дизайны жана декоративдик колдонмолор боюнча жаш окутуучулардын, студенттердин, магистранттардын иштеринин отчеттук көргөзмөлөрү коюлду.
“Илим жана искусство” жумалыгы 30-апрелге чейин уланып, таланттуу студенттердин концерттик программалары менен коштолот.