Кичи футбол боюнча КРдин Кубогунда ОшМУ жарым финалга чыкты

Башкы Жаңылыктар

Кичи футбол боюнча КРдин Кубогунда ОшМУ жарым финалга чыкты

Image

ОшМУнун «Университет» кичи футбол командасы түштүк аймагы боюнча өткөн Кыргыз Республикасынын Кубогунда жалпы жыйынтык боюнча жарым финалга жолдонмо алды. Жалпысынан 6 команда ойноду. Жыйынтыгында 26-февралда ОшМУнун «Университет» командасы “Тээке” командасын 6:3 эсебинде жеңип,  1-орунду камсыздады.

Кичи футбол боюнча Кыргыз Республикасынын Кубогунун жарым финалына  7 облустан 4 команда тандалып чыгат. Анын бир командасы   түштүк аймагынан (Ош, Жалал-Абад, Баткенден) болсо, 1 команда түндүк аймагынан (Нарын, Талас, Ысык-Көлдөн), ал эми 2 команда Бишкек шаарынан тандалып чыгат. Эми командалар Бишкек шаарында жарым финалда, андан соң финалда беттеш өткөрөт.

Учурда окуу жайдын кичи футбол командасында 22 оюнчу ойнойт. Алардын арасында ОшМУда эмгектенген окутуучулар, студенттер да бар.

ОшМУнун «Университет» кичи футбол командасы өлкөнүн тарыхында мамлекеттик мекеме, университет каржылап алып чыккан жалгыз команда болуп саналат.

Фото галерея