Окутуучулар окуу-усулдук документацияларды иштеп чыгуунун заманбап ыкмаларын үйрөнүүдө

Башкы Жаңылыктар

Окутуучулар окуу-усулдук документацияларды иштеп чыгуунун заманбап ыкмаларын үйрөнүүдө

Image

2024-жылдын 26-27-январь күндөрү  окуу жайда  "Билим берүүнүн программасын методикалык камсыздоонун инновациялык жолдору" аталышында семинар болду.

Ага университеттин магистратура, бакалавриат жана  колледждеринен 25 угуучу катышты. Семинар окутуунун сапаты жана методикалык камсыздоо бөлүмү тарабынан уюштурулуп, "Career development" окуу борборунун директору, доцент Айгуль Абдукаримова өттү.

Семинарда окуу-усулдук документацияларды иштеп чыгуунун заманбап методикалары сунушталып, талкууланды. Ошондой эле  катышуучулар менен биргеликте практика жүзүндө иштер аткарылды.

 Семинардын негизги бөлүгү оффлайн болсо, андан ары онлайн конференция жана жеке консультациялар түрүндө уланып, Googlclassroom платформасында кайтарым байланыш жүргүзүлөт.

Катышуучуларга тренер тарабынан тапшырмалар берилип, жыйынтыгы чыгарылган соң, семинардын аягында 150 саат көлөмүндө сертификат ыйгарылат.  

Фото галерея