Чыгыш таануу институту Медина шаарындагы Мугрин университети менен кызматташат

Башкы Жаңылыктар

Чыгыш таануу институту Медина шаарындагы Мугрин университети менен кызматташат

Image

Сауд Аравиянын  Медина шаарында жайгашкан Мугрин университетинин өкүлү, "Нехж групп" консалтинг, билим берүү, окутуу борборунун генералдык директору Шейх Абдулилах Абдуллах Ал Мушарраф ОшМУнун Чыгыш таануу институтунда болду.  Анда институттун директору Жолдошбек Бөтөнөев баштаган структура жетекчилери, окутуучулар, студенттер менен жолугуп,  алдыдагы эки тараптуу кызматташуу боюнча пикир алышуулар орун алды.
Күндүн экинчи бөлүгүндө Мугрин университетинин өкүлү ОшМУнун окуу иштери боюнча проректору Нурлан Омуровдун кабыл алуусунда болду. 
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө академиялык мобилдүүлүк программалары аркылуу эки университеттин студенттерин алмашып окутуу, араб тили мугалимдеринин квалификацияларын Медина шаарында жогорулатуу, ОшМУнун Чыгыш таануу институтунун базасында "Араб тили жана маданияты" борборун ачуу боюнча маселелер талкууланды. 
Мугрин университетинен келген конок Сауд Аравия Королдугунун королу Салман ибн Абдул-Азиз Аль Саудун алдындагы Өнүктүрүү фондунун жана  Сауд Аравия Королдугунун мураскор-принци жана премьер-министри Мухаммед ибн Абдул-Азиз Аль Сауд ректорлук кылган университеттин өкүлү болуп саналат. 
 

Фото галерея