STEM инновациялык колледжинин студенттеринин спорттогу ийгиликтери, Ушу-саньда, грепплинг

Башкы Жаңылыктар

STEM инновациялык колледжинин студенттеринин спорттогу ийгиликтери, Ушу-саньда, грепплинг

Image

ОшМУнун  STEM инновациялык колледжинин 2-курсунун студенти Мухаммедкадыр Миразизов эрежесиз уруш боюнча мелдеште  1-орунду жеңип алды.  Мелдеш Ош шаарында өтүп, ага Кыргызстан менен Өзбекстандын 300 дөн ашуун спортчулары катышкан.

Мухаммедкадыр Миразизов Ушу-саньда боюнча  Кыргызстандын 5 жолку, Азиянын 2 жолку чемпиону, дүйнөлүк чемпионаттын коло медалынын ээси,  эрежесиз уруш боюнча “ALIF” уюмунун чемпиону.

STEM инновациялык колледжинин дагы бир студенти Сыймык Эсеналиев спорттун грепплинг түрү боюнча КРнын спорт чебери наамына ээ болду. Колледждин 3-курсунун студенти  Сыймык Эсеналиев спорттун грепплинг жана Джиу джутсу түрү боюна 5 жылдан бери машыгып келет. Джиу джутсу боюнча көк курдун ээси. Грепплинг боюнча республикалык жана эл аралык бир нече мелдештердин жеңүүчүсү.

Фото галерея