Майкрософттун "Санарип сабаттуулук" курсун кыргыз жана орус тилдеринде көчүрүп алыныз

Башкы Жаңылыктар

Майкрософттун "Санарип сабаттуулук" курсун кыргыз жана орус тилдеринде көчүрүп алыныз

Image

Майкрасофт компаниясынын санариптик сабаттуулук окуу курсу Билим берүү жана илим министрлигинин сунушу менен толук кыргыз тилинде даярдалып чыкты.

Кыргыз тилиндеги Майкрософт заманбап курсу жарандарга маалыматты табуу, колдонуу жана түзүү үчүн түзмөктөрдү, программалык камсыздоону жана интернетти колдонуу үчүн санариптик сабаттуулукка кантип ээ болуу керектигин үйрөтөт. Курс  интерактивдүү иш-аракеттерди, викториналарды жана окууну бекемдөө үчүн баалоолорду камтыйт.

 Бул курс жарандар арасында санариптик ажырымды, айырмачылыкты жоюуга жол ачат. Андан сырткары окуу курсунда мектеп мугалимдери жана университеттин окутуучулары үчүн кыргыз тилиндеги даяр практикалык презентациялар жана методикалык материалдар берилет. 

Бул окуу курстары “Санарип  Инсан” долбоорунун алкагында ишке ашкан.

 

Окуу материалдарын төмөнкү шилтеме аркылуу көчүрүп алсаңыздар болот:

https://drive.google.com/drive/folders/1P4x5u9BseSf2m2De84H1imiNMUJo4Zp2?usp=drive_link