ОшМУда 400гө жакын окутуучу педагогикалык чеберчилигин өстүрүү курсун окуду

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда 400гө жакын окутуучу педагогикалык чеберчилигин өстүрүү курсун окуду

Image

Заманбап технологиялар, билим берүүнү башкаруу, сынчыл ой жүгүртүү,  педагогика жана психология багытындагы окутуу ушул жылдын январь айында уюштурулду.

Окутууга ОшМУнун жана Ош шаарындагы ЖОЖдордон 400гө жакын окутуучу катышты.  Педагогикалык чеберчилигин өстүрүү курсу ОшМУнун Билим берүүнүн, изилдөөлөрдүн, инновациялардын сапатын өнүктүрүү боюнча стратегиялык пландаштыруу департаменти жана Квалификацияны жогорулатуу борбору тарабынан өткөрүлдү.

Курстун угуучуларына 5-февралда сертификаттар тапшырылды. Анда ректор Кудайберди Кожобеков  окутуучулардын жаңы технологияларды өздөштүрүп, заманбап педагогикалык ыкмалар менен студенттерге билим берүүсү учурдун талабы экендигин баса белгиледи.

Окутуучулардын педагогикалык чеберчилигин өстүрүү, квалификациясын жогорулатуу максатында 2015-жылы ОшМУда  мугалимдердин билимин өркүндөтүү институту ачылган. 2023-жылы  ОшМУнун структурасын оптималдаштыруу максатындагы  ректор Кудайберди Кожобековдун буйругуна ылайык Квалификацияны жогорулатуу борбору болуп түзүлгөн.

ОшМУнун Мугалимдердин билимин өркүндөтүү институнда 2019-2024-жылдар аралыгында өлкө боюнча 1154 мугалим билимин өркүндөткөн.

Фото галерея