Индустриалдык-педагогикалык колледжинин  студенти спортто ийгилик жаратты

Башкы Жаңылыктар

Индустриалдык-педагогикалык колледжинин  студенти спортто ийгилик жаратты

Image

Индустриалдык-педагогикалык колледжинин  студенти Эрнис Баатырбек уулу эрежесиз эр уруш боюнча мелдеште  1-орунду жеңип алды.  Мелдеш Бишкек шаарында өтүп, ага Кыргызстан, Өзбекстан жана Казакстандан 100дөн ашуун спортчулар катышкан.
Эрнис Баатырбек уулу индустриалдык-педагогикалык колледжинин эсептөө техникасын жана автоматташтырылган системаларды программалык камсыздоо багытында 3-курста билим алат.  
Мушкер студент буга чейин MMA боюнча  Кыргызстандын жана  Өзбекстандын 1 жолку, ал эми эрежесиз эр уруш боюнча “Жаннат” уюмунун чемпиону болгон.
Учурда Эрнис Баатырбек уулу 18-февралда Өзбекстанда өтүүчү  ММА боюнча эл аралык мелдешке даярдык көрүүдө.

Фото галерея