Илимий изилдөөдө кайсы булактарды колдонуу натыйжалуу?

Башкы Жаңылыктар

Илимий изилдөөдө кайсы булактарды колдонуу натыйжалуу?

Image

Электрондук ресурстарды илимий изилдөөлөрдө натыйжалуу пайдалануу боюнча ОшМУнун окутуучулары, аспиранттары жана илимий китепкананын кызматкерлери атайын окутуудан өттү.
Тренингде катышуучулар илимий изилдөө жүргүзүүдө кайсы булактарды колдонуу натыйжалуу, ачкыч сөздөрдү табуу, тийиштүү материалдарды издөөдө академиялык ресурстарды колдонуу боюнча маалыматтар алышты. 
Окутуу  ЖОЖдор жана коомдук китепканалар үчүн эл аралык онлайн ресурстарга жеткиликтүүлүктү уюштуруу, электрондук ресурстарды эффективдүү пайдалануу жана жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу боюнча билим берүү мекемелеринин потенциалын жогорулатуу максатында уюштурулду.
 “Жаркын келечек үчүн билим алуудагы теңчилик жана жеткиликтүүлүк” долбоорунун алкагында өттү.  Долбоор АКШнын Кыргызстандагы Элчилиги тарабынан колдоого алынып, анын алкагында Кыргызстандын бардык облустарынын жогорку окуу жайларында тренингдер өтүп жатат.

Фото галерея