ОшМУ илимий – практикалык ыкмалар менен Ош шаарын өнүктүрүүнү  сунуштоодо  

Башкы Жаңылыктар

ОшМУ илимий – практикалык ыкмалар менен Ош шаарын өнүктүрүүнү  сунуштоодо  

Image

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровдун тапшырмасына ылайык кечээ, 9-февралда  Ош шаарынын мэриясынын демилгеси менен Ош мамлекеттик университетинин окутуучулары, илимий кызматкерлери менен кеңешме өткөрүлдү. Анда Ош шаарын өнүктүрүү, шаардын инфратүзүмүн жакшыртуу жана жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү багытында илимий-практикалык ыкмалар менен иш алып баруу маселелери каралды.

Кеңешмеге Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары Марс Исаев, Ош мамлекеттик университетинин ректору, экономика жана финансы тармагындагы жетекчилер катышты.

Жыйында шаарды өнүктүрүү боюнча сунуштар, идеялар айтылып, пикир алмашуу болду.

Фото галерея