![](https://oshsu.kg/storage/uploads/thumbnail/YrrqHXcEhVQRj8YiOj9FMeqidY6V4mTPT5fNvJ26.jpeg)
Волейбол боюнча эркектер жана кыз-келиндер арасында Кыргызстандын XVI чемпионатынын I этабы жыйынтыкталды. Өлкө чемпионатынын I этабынын жыйынтыгы боюнча ОшМУнун “ОшМУ-Университет” кыз-келиндер кесипкөй клубу 10 упай менен тизменин сап башында турса, "ОшМУ- Университет" эркектер волейбол клубу13 упай менен 2-орунду ээледи.
Мелдештер Бишкек шаарындагы Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда 5-11-февраль күндөрү өттү.
Алдыда волейбол боюнча Кыргызстандын XVI чемпионатынын II жана III этаптары орун алат, андан соң өлкө чемпиондору аныкталат.