![](https://oshsu.kg/storage/uploads/thumbnail/YrrqHXcEhVQRj8YiOj9FMeqidY6V4mTPT5fNvJ26.jpeg)
20-февралда кесиптик лицейлерде жана колледждерде окуган окуучулар арасында WorldSkills Kyrgyzstan жумушчу кесиптердин улуттук чемпионатынын ачылыш аземи өткөрүлөт.
Чемпионаттын аймактык турунда жеңишке жеткен студенттер 20-22-февралда ширетүүчүлүк, ашпозчулук жана мода технологиясы боюнча өнөрлөрүн көрсөтүшөт.
WorldSkills International – эл аралык коммерциялык эмес ассоциация болуп, жумушчу кесиптерди жайылтуу, кесиптик даярдоонун жана квалификациянын статусун жана стандарттарын жогорулатуу максатында бүткүл дүйнө боюнча эл аралык мелдештерди өткөрүп келишет.
Улуттук деңгээлдеги жеңүүчүлөр 2024-жылы Франциянын Лион шаарында өтө турган эл аралык сынакка барышат.