ЖРТ талап кылбаган 33 адистик

Башкы Жаңылыктар

ЖРТ талап кылбаган 33 адистик

Image

Билим берүү жана илим министрлиги 2024-жылдын 7-февралындагы “Адистиктердин тизмесин бекитүү жөнүндө” № 191/1 буйругу менен абитуриенттерди окууга кабыл алууда жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыктары керек болбогон даярдоо багыттары менен адистиктердин тизмесин бекитти. Код/ даярдоо багыттарынын/ адистиктердин аталышы

  1. 532000 / Дене тарбия жана спорт;
  2. 532500 / Ден соолугунда мандеми бар адамдар үчүн дене тарбия (адаптивдүү дене тарбия);
  3. 570001 / Искусство таануу;
  4. 570002 / Театр таануу;
  5. 570003 / Хореография искусствонун тарыхы жана теориясы;
  6. 570004 / Музыка таануу;
  7. 570005 / Кино таануу;
  8. 570006 / Кинооператорлук;
  9. 570007 / Көркөм сүрөт искусствосунун тарыхы жана теориясы;
  10. 570008 / Инструменталдык аткаруучулук (инструменттердин түрлөрү боюнча);
  11. 570009 / Вокалдык искусство (вокалдын түрлөрү боюнча);
  12. 570010 / Дирижерлук кылуу (аткаруучу коллективдердин түрлөрү боюнча);
  13. 570011 / Композиция;
  14. 570012 / Музыкалык эстрада искусствосу (түрлөрү боюнча);
  15. 570013 / Үн режиссурасы (колдонулуучу багыттары боюнча;
  16. 570014 / Актердук өнөр;
  17. 570015 / Режиссура (колдонулуучу багыттары боюнча);
  18. 570016 / Театралдык-декорациялык искусство;
  19. 570017 / Хореографиялык өнөр;
  20. 570018 / Хореографиялык режиссура;
  21. 570019 / Хореографиялык педагогика;
  22. 570020, 570400 / Дизайн;
  23. 570021 / Интерьер жана жабдуулар;
  24. 570022 / Декоративдик-колдонмо искусствосу жана элдик кол өнөрчүлүк;
  25. 570023 / Монументалдык-декоративдик искусство;
  26. 570024 / Живопись;
  27. 570025 / Графика;
  28. 570026 / Скульптура;
  29. 570027 / Адабият чыгармачылыгы;
  30. 570028 / Элдик көркөм чыгармачылыгы;
  31. 570029 / Социалдык-маданият ишмердүүлүгү;
  32. 550600 / Көркөмдүк билим берүү;
  33. 570500 / Көркөм сүрөт искусствосу.