ОшМУнун футзалчылары Суперлиганын жарым финалдык беттештеринде ойнойт

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун футзалчылары Суперлиганын жарым финалдык беттештеринде ойнойт

Image

ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков  Кыргызстандын Суперлига чемпионатынын жарым финалдык беттештерине аттанып жаткан  “Университет” кичи футбол командасы менен жолукту. Жолугушууда команданын алдыдагы беттештерине ийгилик каалаады. Андан сыртарка университеттин 85 жылдык мааракесине катара өтүүчү иш-чараларына  активдүү катышууга чакырды.

Буга чейин команда Суперлига чемпионатында лидерлик позициясын ишенимдүү сактап, жарым финалга жолдонмо алышкан.

“ОшМУнун командасы 15-февралда “Фарватер-Аман” менен “Нарын” командасынын ортосундагы беттештерде жеңишке жеткен команда менен жарым финалдык беттеште оюн көрсөтүшөт. Беттеш Ысык-Көл облусунда өтөт”, деди команданын өкүлү Дамир Ыразаков.

 “Университет” кичи футбол командасы  өлкөнүн тарыхында университет алып чыккан жалгыз команда болуп саналат. Команда алгачкы жолу 2022-жылы Суперлигада оюн көрсөткөн.

Фото галерея