Ишкердикке кызыккан жарандар акысыз окутулууда

Башкы Жаңылыктар

Ишкердикке кызыккан жарандар акысыз окутулууда

ОшМУнун Бизнес жана менеджмент факультети менен  Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Ош шаардык социалдык камсыздоо бөлүмү жана Кыргызстандагы GIZ уюму менен биргеликте Ош шаарынын жана Ош облусунун аймагында  жашаган социалдык жактан аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана жөлөк пул алган жарандарга  бизнес баштоо жана ишкердүүлүктү өнүктүрүү боюнча окутууларды өткөрүүнү баштады.

“Окутууга учурда  1-тайпада 20дан ашуун жаран катышып жатат. Алар бир ай ичи бизнес баштоо жана ишкердүүлүктү өнүктүрүү боюнча билим алып, бизнес долбоорлорун даярдап, сунушташат. Факультеттин 5 мугалими топторго бөлүп алып долбоор даярдоо боюнча ар бир катышуучу менен жекече иштерди алып барат. Жыйынтыгында даярдалган бизнес долбоорлор Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине, донорлорго сунушталат. Даярдалган долбоорлор мамлекет  тарабынан 100000 кайтарымсыз акча каражатын  (3-жылдык жөлөк пул төлөбөө шарты менен)  алуу мүмкүнчүлүгүнө да ээ болот”, - деди Бизнес жана менеджмент факультетинин деканы Тимур Исраилов.

2023-жылы окуутуудан өтүп, мыкты долбоорлорду сунуштаган  10 катышуучуга мамлекет тарабынан 100 000 сомдон кайтарымсыз акча каражаты берилген.

Президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен, 2022-жылы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү жакырчылыктан чыгаруу максатында 2800 үй-бүлөгө 100 000 сомдон кайтарымсыз акча каражаты берилсе, 2023-жылы 10 миң үй-бүлөгө берилген.  Бул каражат, чакан ишкерчилик менен алектенүүгө, эмгек кылууга шыктандырат.

Тренинг 2022-жылдан бери жылына эки жолу Бизнес жана менеджмент факультети тарабынан акысыз уюштурулуп келет.

 

Фото галерея