Дүйнөнүн каратэ боюнча  2 жолку чемпиону студенттер менен баарлашты

Башкы Жаңылыктар

Дүйнөнүн каратэ боюнча  2 жолку чемпиону студенттер менен баарлашты

Image

Дене тарбия факультетинин студенттери КРнын улуттук каратэ-до Шотокан федерациянын президенти Нурдөөлөт Рысбеков менен жолугуп,  “Каратэ менен машыгуу” аталышында конок лекция окуду.

Жолугушууда Нурдөөлөт Рысбеков спортто басып өткөн жолу, кыйынчылыктар, жетишкендиктери, ийгиликтери жөнүндө айтып, студенттердин суроолоруна жооп берди.

Нурдөөлөт Рысбеков каратэ боюнча КРнын эмгек синирген спорт чебери, бир нече эл аралык мелдештердин жана дүйнөнүн каратэ боюнча мастерлер арасында 2 жолку чемпиону, кара курдун ээси.

Буга чейин факультеттин  студенттери дене тарбия факультетинин сыймыктуу бүтүрүүчүлөрү Самбо боюнча дүйнө кубогунун күмүш медалынын ээси Бектен Эркебай уулу жана КРдин эмгек сиңирген машыктыруучусу Акжол Онорбаев менен жолугуп баарлашкан.

Фото галерея