Кодже университетинин өкүлдөрү  ОшМУда болду

Башкы Жаңылыктар

Кодже университетинин өкүлдөрү  ОшМУда болду

Image

Кореянын Кодже университетинин механикалык инженерия факультетинин башчысы Шин Донг Чхоль баштаган делегация жана Жогорку Кеңештин депутаты Эльдар Сулайманов ОшМУга атайын иш сапары менен келди. Алар ректор Кудайберди Кожобеков  менен жолугуп, пикир алышышты.

Мында тараптар эки окуу жайдын билим берүү, академиялык мобилдүүлүк,  эл аралык байланыштар, эки тараптуу кызматташуу боюнча сүйлөшүштү.

Кодже университетинин өкүлдөрү студенттер менен жолугуп, анда Кореяда окуу жана иштөө боюнча маалыматтарды беришти. Мындан сырткары коноктор ОшМУдагы  корей тили борбору менен таанышты.

Кореянын Кодже университети жеке менчик технологиялык жогорку окуу жайы болуп саналат. Окуу жай аралда жайгашып,  механикалык инженерия, кораблдарды куруу багыттары боюнча адистерди даярдайт.

Фото галерея