“ОшМУ-Алдиер” футбол клубу эки легионер менен келишим түздү

Башкы Жаңылыктар

“ОшМУ-Алдиер” футбол клубу эки легионер менен келишим түздү

Image

“ОшМУ-Алдиер” футбол клубу өзбекстандык эки футболчу Саидумар Содиков жана Отабек Муминов  менен 1 жылдык келишим түздү. 
Футболчулар буга чейин Өзбекстандын  чемпионатындагы “Андижан” жана “Андижан-SGS” клубдарында ойногон.
Учурда  “ОшМУ-Алдиер” футбол клубунда Өзбекстан, Казакстан, Орусия жана Белгиядан келген футболчулар кароодо жүрөт.
 Жакынкы күндөрү, Оруссиядан жана Канададан келген футболчулар менен келишим түзүү каралууда. 
 “ОшМУ-Алдиер” футбол клубу 2022- жылы түзүлүп, Кыргызстан премьер-лигасына катышкан.
Ал эми 2024-жылдагы футбол боюнча Кыргызстан чемпионаты  27-мартта старт алат.

Фото галерея