Python программалоо тили курсун кыргыз тилинде көчүрүп алыныз

Башкы Жаңылыктар

Python программалоо тили курсун кыргыз тилинде көчүрүп алыныз

Image

Майкрасофт компаниясынын санариптик сабаттуулук окуу курсу Билим берүү жана илим министрлигинин сунушу менен толук кыргыз тилинде даярдалып чыкты. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин сунушу менен Пайтон программалоо тили боюнча окуу курсу иштелип чыкты.

Маалыматтык технологиялар чөйрөсүндөгү кесиптер учурда эң көп акы төлөнгөн кесиптердин катарында. Бирок бул мүмкүнчүлүктөрдү өздөштүрүү үчүн жарандар тилдик тоскоолдуктарга туш болуп келген. Атап айтканда, өлкөдө программалоо боюнча негизги окуу материалдары орус тилинде болгондуктан, бул орус тилин билбегендер үчүн чоң көйгөй.

Бул көйгөйдү чечүү үчүн Sanarip Insan долбоору Python программалоо тили боюнча кыргыз тилиндеги курстарды иштеп чыкты. Программалоо менен таанышып, IT тармагындагы кызыкчылыктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн аныктоону каалаган жаштар үчүн 70тен ашык видеосабактар ​​жана атайын материалдар түзүлдү. Алар жеке жана мамлекеттик билим берүү жайларынын окуучулары жана студенттери үчүн окуу курстарын, орто мектептердин информатика мугалимдери үчүн Python сабактарын окутуунун атайын методикалык презентацияларын камтыйт. Бул материалдарды жогорку билим берүү системасынын Moodle LMS платформасына да жүктөсө болот.

Python эң популярдуу программалоо тилдеринин бири жана Python программисттеринин эмгек акысы улуттук орточо көрсөткүчтөн бир топ жогору. Бул жаштарга чет өлкөдөн жумуш издөөнүн ордуна IT тармагында атаандаштыкка жөндөмдүү мүмкүнчүлүктөрдү берет.

Python программалоо тили боюнча видео сабактар - ийкемдүү жана күчтүү программалоо тилин өздөштүрүүнү сунуштайт. Курс Pythonдун негиздерин үйрөнүүнү жана программалоо жөндөмүн өнүктүрүүнү каалаган жарандар үчүн иштелип чыккан. Бул видеосабактар Python программалоо тилин оңой жана ишенимдүү үйрөнүүгө жардам берет.

Окуу материалдарын кийинки шилтеме аркылуу көчүрүп алыныз:

 

https://drive.google.com/drive/folders/1xI6klcW2IFy9F062uZz9und21KhiScV_?usp=sharing