Эл аралык эне тил күнү белгиленүүдө

Башкы Жаңылыктар

Эл аралык эне тил күнү белгиленүүдө

21-Февраль – Эл аралык эне тил күнүнө карата Эл аралык билим берүү программалары колледжинде майрамдык кече болуп өттү. Салтанаттуу иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил саясаты боюнча түштүк аймагынын өкүлү Алмагул Тилекманова, ОшМУнун мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору Мастура Шарипова,  колледждин жамааты катышты. 
Коноктор студенттерди, жааматты кутуктап, ар бир элдин эне тили улуу экендигин жана нарк-дөөлөт тил аркылуу муундан-муунга каларын белгилешти. 
Иш-чарада кыргыз, өзбек, кытай, англис, түрк, корей, индия, испан элдеринин ырлары жаңырып, бийлери бийленди.  Ошондой эле, колледждин окутуучулары көркөм окууларды, обондуу ырларды аткарышты.
“Колледжде студенттердин өз эне тилине болгон сый-урматын  ар тараптан колдогон иш-чаралар ар дайым уюштуруп келет. Ош мамлекеттик университети көп улуттуу, ынтымактуу жааматы менен белгилүү. Окуу жайда кызматкерлерден сырткары улуттар биримдигинен куралган студент жаштар да билим алышат”, - деди Эл аралык билим берүү программалары колледжинин директору Кумарбек Рамашов.