Сыймыктуу бүтүрүүчү кытай тилин окуудагы тажрыйбасы менен бөлүштү

Башкы Жаңылыктар

Сыймыктуу бүтүрүүчү кытай тилин окуудагы тажрыйбасы менен бөлүштү

Image

Кытайдагы Пекин тилдер жана маданият университетинин магистранты, ОшМУнун Кыргыз-Кытай факультетинин сыймыктуу бүтүрүүчүсү Айназик Эшбаева “Кытай тилин үйрөнүүдөгү кыйынчылыктар жана өзгөчөлүктөр” деген темада конок лекция окуду.

“Кытай тили көпүрөсү” эл аралык конкурсунун жеңүүчүсү Айназик Эшбаева өзү билим алып кеткен Кыргыз-Кытай факультетинин студенттери менен болгон жолугушууда кытай тилин окуудагы тажрыйбасы, окууну аяктагандан кийин кытай тилдүү адистерге адистерге түзүлгөн шарттар тууралуу маалымат берди.

Учурда Айназик Эшбаева  Кытайдын Пекин тилдер жана маданият университетинде магистратурада билим алууда. Ал  ишмердүүлүгүндө мамлекеттик “Кыргыз индустрия” мекемесинде жана жеке логистикалык компанияларда эмгектенген.

Айназик Эшбаева 2021-жылы Кыргыз-Кытай факультетинде лингвистика адистигин аяктаган.

Фото галерея