META  компаниясынын инженер-программисти Эмиль Билгазиев  студенттер менен баарлашты

Башкы Жаңылыктар

META  компаниясынын инженер-программисти Эмиль Билгазиев  студенттер менен баарлашты

Image

Билим алуу үчүн Кыргызстан менен эле чектелбей  чет жактарга чыгып, өзүңөрдү өнүктүргүлө. Ал эми алган билимиңерди  Кыргызстан үчүн, өлкөнүн өнүгүшү үчүн пайдалангыла. 
Мындай оюн бүгүн, 19-февралда  Америка технология институтунун негиздөөчүсү, Facebookтагы бөлүмдүн техникалык башчысы,  инженер-программист Эмиль Билгазиев  студенттер менен БОЛГОН жолугушуусунда айтты. 
Андан сырткары  Америкадан билим алуу, чет жакта иштөө, алган билимдерди туура колдонуу жана аны сатуу  боюнча кеңештерди берди. 
Жолугушууга  окуу жайда программалоо, IT багытында билим алган студенттер, окутуучулар катышты.  
Иш-чаранын алкагында Эмиль Билгазиев  ректор Кудайберди Кожобеков менен жолугуп, окуу жайдын Дата борбору менен таанышты.
Эмиль Билгазиев  АКШда билим алып, дүйнөдөгү белгилүү SHEEL, LINKEDIN,  UBER,  SNAPCHAT, META  сыяктуу  компанияларда эмгектенген.

Фото галерея