Көзөмөлчүлүк кеңешинин жыйынында каралган маселелер кандай чечилди?

Башкы Жаңылыктар

Көзөмөлчүлүк кеңешинин жыйынында каралган маселелер кандай чечилди?

Image

ОшМУнун Көзөмөлчүлүк кеңешинин кезектеги  жыйынына  ректор Кудайберди Кожобеков, Көзөмөлчүлүк кеңешинин төрагасы Балтагул Нурунбетов,  инвестиция жана экономикалык өнүгүү боюнча проректор Кубаныч Токторов, пландоо-финансылык бөлүмдүн башчысы Динара Курбанбаева жана башка чакырылган тиешелүү адистер катышты.

Алгач, Көзөмөлчүлүк кеңешинин 2023-жылдагы жүргүзгөн ишмердүүлүгү боюнча отчеттук маалымат угулду. Андан соң ОшМУнун билим берүүдөгү акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрү, коммерциялык ишмердүүлүктү жүргүзүү жана сыйлык акы төлөө жөнүндө Жобосуна өзгөртүүлөр киргизилди.

Ошондой эле, “ОшМУ-Алдиер” футбол клубунун 2023-2024-окуу жылына карата түзгөн сметасы, бүтүрүүчүлөрдүн дипломдорун даярдоодо дипломго жооптууларга 2023-жыл үчүн сыйлык  акы төлөө, окуу-өндүрүштүк ветеринардык клиниканын Жобосу жана көрсөткөн кызматтарынын баасы, БжМ факультетинин мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу кафедрасынын Консультативдик-окуу борборунун Жобосу, окутуу-кеңеш берүү кызматынын тарифтеринин прейскуранты,  РСК банкка ОшМУнун эсебинен депозитке акча салуу жана  ОшМУнун спорт клубунун 2023-2024-окуу жылына бекитилген сметасына университеттин 85 жылдык маарекесин өткөрүүгө байланыштуу толуктоолорду киргизүү маселелери каралып, тиешелүү чечимдер кабыл алынды.

Фото галерея