Акушердик, гинекология жана неонатология боюнча эл аралык олимпиада өттү

Башкы Жаңылыктар

Акушердик, гинекология жана неонатология боюнча эл аралык олимпиада өттү

Image

ОшМУнун эл аралык медицина факультетинде Ч.К.Калканбаева атындагы акушердик, гинекология жана неонатология боюнча IV эл аралык студенттик олимпиада өттү. Олимпиаданы окуу жайдын ректору Кудайберди Кожобеков ачып ОшМУдагы медициналык билим берүүгө түзүлгөн шарттар, медициналык клиникалар боюнча маалымат берди.

Эл аралык олимпиадада Өзбекстан жана Кыргызстандын жогорку окуу жайларынан келген 11 команда өз билимдерин сынашты.

Олимпиада 3 этап менен өттү. Биринчи этапта «Коопсуз төрөт» видео визиттик карточкалары менен командалар саламдашып, “Биз көкүрөк рагына каршыбыз» деген темада чыгармачылык үй тапшырмаларын аткарышты. Экинчи этапта командалар Kahoot платформасын колдонуу менен акушердик, гинекология жана неонатология боюнча тесттик суроолорго жана ситуациялык тапшырмаларга жооп беришти. Олимпиаданын практикалык бөлүгүндө DIMEDUS платформасынын муляждары, симуляторлору жана виртуалдык бейтаптары боюнча студенттер акушердик жана гинекология тармагында өздөрүнүн клиникалык көндүмдөрүн көрсөтүштү.

Жыйынтыгында калыстардын чечими менен ОшМУнун эл аралык медицина факультетинин “Доктор OG» командасы 1-орунду жеңип алышты. 2-орунду  Андижан мамлекеттик медициналык институтунун  «Emadus» жана ОшМУнун эл аралык медицина факультетинин  «Maternity Masters» командалары, 3-орунду Б.Н.Ельцин атындагы КРСУнун  «Босс-молокосос», И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын  «Апостолы» жана ОшМУнун эл аралык медицина факультетинин  “Умай” командалары ээледи. Жеңүүчүлөргө кубоктор, дипломдор, ыраазычылык каттар, баалуу белектер тапшырылды.

Эл аралык олимпиада ОшМУнун эл аралык медицина факультетинин “Клиникалык дисциплиналар 2” кафедрасы тарабынан уюштурулду.

Фото галерея