Чоңдорго билим берүүнү пландаштыруу, уюштуруу жана баалоо

Башкы Жаңылыктар

Чоңдорго билим берүүнү пландаштыруу, уюштуруу жана баалоо

Image

2024- жылдын 22-25-февраль күндөрү ОшМУнун 17 окутуучусу DVV international Kyrgyzstan өкүлчүлүгүнүн Curriculum Global программасынын “Чоңдорго билим берүү” тренингине катышты.

Окутуунун 5-модулу “Чоңдорго билим берүүнү пландаштыруу, уюштуруу жана баалоо” багытында болду. Анда чоңдорго билим берүүнүн сапатын камсыз кылуу, андрагогист адистигинин ишмердигинде пландаштыруунун, уюштуруунун, ишке ашыруунун жана баалоонун негизги аспектилерин өздөштүрүү боюнча маалыматтар берилди.

ОшМУда CurriculumGlobAle (CG) программасын окутуу жана ишке ашыруу боюнча иштер 2023-жылдын январь айында башталган.

DVV International Кыргызстандагы социалдык жактан аялуу топторго, анын ичинде жумушсуздарга, соттолгондорго, социалдык жактан аялуу жаштарга жана аялдарга колдоо көрсөтөт.

Ошондой эле чоңдорго билим берүү мекемелеринин жана алардын кызматкерлеринин потенциалын мындан ары чыңдоого, өлкөдөгү чоңдорго билим берүүнүн сапатын жогорулатууга салым кошот.

Фото галерея