“Жаш Табышкер” долбоорунун алкагында ОшМУда 11 стартап-долбоор ишке ашты

Башкы Жаңылыктар

“Жаш Табышкер” долбоорунун алкагында ОшМУда 11 стартап-долбоор ишке ашты

Image

Бишкек шаарында “Жаш Табышкер: Жыйынтыктоо жана өнүгүүнүн жаңы перспективалары” атуу иш-чара өттү. Ага Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ильяз Ташбаев, ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков,  окуу жайдын Бизнес паркынын директору, Инновациялык агро борборунун жетекчиси Эрлан Камалов, долбоордун бенефициарлары, студенттер катышты.

Иш-чаранын алкагында долбоордун бенефициарларынын эмгектеринин презентациясы, панелдик талкуулар жана ишкерлер жарманкеси, жаштар менен иштеген уюмдардын эмгектеринин фото көргөзмөлөрү коюлду.

“Жаш Табышкер” долбоору Enactus Кыргызстан тарабынан 2021-жылдан тартып Европа Биримдигинин Өкүлчүлүгүнүн колдоосу менен ишке ашырылып келет.  Долбоордун алкагында өлкөнүн алты облусунда 15 айыл чарба ишкери, жаштар менен иштеген уюмдардын 5 демилгеси каржыланып, өлкөнүн 6 аймактык ЖОЖунда 6 Инновациялык айыл чарба борборлору ачылган.

“ОшМУнун базасында Инновациялык агро борбор  2022-жылы ачылган. Бул аралыкта “Асыл тукумдуу мал жандыктын сапатын жогорулатуу максатында жасалма уруктандыруу”, “Малга тоют майдалоо жана даярдоо”, “Кара-Кулжа өрөөнүндө төө куш фермасын ачуу”, “Ат жабдыктарын жасоо”, “Ун азык продукциясын жана кондитердик азыктарды  өндүрүү”, “Жергиликтүү жаңгакты кайра иштетүү жана таңгактап сатуу” сыяктуу 11 стартап-долбоорлор ишке ашкан. Стартап-долбоорлорго ОшМУнун Бизнес паркы, Инновациялык агро борбору жана өнөктөш USAID жана Ага Хан фонддору тарабынан 1 778 000 сомдук  каржылык колдоо көрсөтүлгөн”,-деди Эрлан Камалов.

Иш-чаранын алкагында Инновациялык агро борборлордун алдыдагы ишмердүүлүгү, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, мекеме, уюмдар менен кызматташуу маселелери талкууланып, борборлордун стратегиялык пландары кабыл алынды.

ОшМУга “Энактас Кыргызстан” тарабынан ыраазычылык кат жана “Жаш Табышкер” долбоорун ийгиликтүү жыйынтыктагандыгын тастыктаган сертификат  тапшырылды.

Фото галерея