Жаштарга өрнөк майрамдык кече

Башкы Жаңылыктар

Жаштарга өрнөк майрамдык кече

ОшМУнун 85 жылдык мааракесине жана 8-март - Аялдардын эл аралык майрамына карата Дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин факультеттер аралык чет тилдер кафедрасы «ОшМУнун асылзат айымдары» аттуу кече өткөрдү.

Майрамдык кечеге университетте үзүрлүү эмгектенип келе жаткан окумуштуу айымдары конок катары чакырылды. Факультеттер аралык чет тилдер кафедрасында эмгектеген окутуучулар, алар билим берген магистранттар, студенттер, гимназияларда билим алган окуучулар, “Зирек” башталгыч билим берүү борборунун бөбөктөрү келген конокторго ыр-бий тартуулашты.

“Биздин окуу жайда эмгектенген уулуу муундагы окумуштуу эжекелерибиздин басып өткөн жолу, эмгек тажрыйбасы, нарктуу сөздөрү жаштар үчүн өрнөк деп билебиз. Бүгүнкү иш-чараны биз жаштар окумуштуу эжекелерибизден үлгү алсын, улуулукту сиңирсин деп уюштурдук жана эжекелерибизге жагымдуу маанай тартууладык”, –деди факультеттер аралык чет тилдер кафедрасынын башчысы Карачач Дуванаева.

Фото галерея