Кадырман энелер, сүйүктүү эже-карындаштар – Ош мамлекеттик университетинин айымдары!

Башкы Жаңылыктар

Кадырман энелер, сүйүктүү эже-карындаштар – Ош мамлекеттик университетинин айымдары!

Image

Сиздерди 8-март – Айымдардын Эл аралык майрамы менен ак дилимден куттуктаймын!

Ааламдын бүтүндүгү, дүйнөнүн  тынчтыгы, жашоонун кызыгы сиздер бар үчүн сакталып турат. Аялзатынын күткөнү кубаныч, тилегени теңчилик, самаганы бакыт, чачканы мээрим.  Дал ушундай жакшылыкты чакырган мүнөзүңүздөр, касиетиңиздер майтарылбасын.

Байыртадан кыргыз элинин тарыхында аялзатынын орду чоң болгон. Манас атабыздын акыл шериги Каныкей энебиз, баатырларыбыз Жаңыл Мырза, Кыз Сайкал, Алай ханышасы Курманжан Датка, эмгек данакери Уркуя Салиева, искусствонун көөнөрбөс таланттары Бүбүсара Бейшеналиева, Сабира Күмүшалиева, Таттыбүбү Турсунбаева, Жамал Сейдакматова, коомдук-мамлекеттик ишмер Күлийпа Кондучалова буга мисал боло алат. 

Бүгүнкү күндө кыргызстандык аялдар илим-билим, өндүрүш, спорт, маданият-искусство, саясат  жана ишкердикте өздөрүн татыктуу көрсөтүп, эл аралык деңгээлдеги иш чараларга активдүү катышууда.

Ошол мыкты айымдардын катарында окуу жайыбыздагы эжекелер жана студент кыздар да бар экени бизди кубандырат.

Өзгөчө билим берүү жана медицина тармагында эмгектенгендердин көпчүлүк бөлүгү аялзаты экендиги талашсыз.

Учурда Ош мамлекеттик университетинин профессордук-окутуучулук курамдын жалпы саны - 3822 болсо, анын ичинде аялдардын саны 60 пайызды түзөт. Бул да болсо аялзатынын активдүүлүгүнөн кабар берет.

Университеттин ректорат – жетекчилигинде, факультеттин декандары, колледж-мектептердин директорлору, структура жетекчилери, бөлүм башчыларынын көпчүлүгү аялзаты болуп, өз жумушунун жогорку деңгээлде аткарып жатат.

Университеттин өзөгүн илим тарамагы түзөт. Куттуу окуу жайыбызда илимдин докторлорунун 31и аялдар, башкача айтканда дээрлик жарымы,  илимдин кандидаттарынын 301и аялдар, демек, жалпы кандидаттардын жарымынан көбү эжекелер болуп эсептелет. 2023 - 2024 - окуу жылында Окумуштуулук даражага
23 сыймыктуу окумуштуу эжейлер ээ болду.

ОшМУда эмгектенген айым кызматкерлерден КРдин Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, КРдин илим-билим, маданиятына эмгек сиңирген ишмерлери, спорт чеберлери бар экени бизди сымыктандырат. Урматуу айымдар, ОшМУнун кадыры да, ОшМУнун сыймыгы да, сыйлаары да – аялзаты, сиздерсиздер! 

Окутуучулар менен катар студент кыздар университетибизде окуу, илим, спорт, маданият тармагында мол ийгиликтерди жаратууда. Ош мамлекеттик университетинин студент кыздары жана эжекелеринен түзүлгөн “Университет ОшМУ” деген аталышта кесипкөй волейбол клубу Кыргызстандын Жогорку лигасынын чемпиону болууга жетишти. Эжекелер окуу жайга көрк берип, келечек муунду көөдөндөгү мээрими менен тарбиялап келет.

«Аял жылмайса — аалам жылмаят» дегендей, сиздер жан дүйнө сулуулугуңуздар менен ааламды багындырып, ар дайым аруу тилектериңиздер менен жакшылыкка үндөп, албан-албан иштерге шык-дем берип келесиздер.

Дагы бир жолу майрамыңыздар менен куттуктайм. Сиздерге жана жакындарыңыздарга чың ден соолук, узак өмүр, бакубат турмуш каалайм.