Мобилдүүлүк: 10 студент Кытайда билим алууда 

Башкы Жаңылыктар

Мобилдүүлүк: 10 студент Кытайда билим алууда 

Image

Кытайдын Сиань шаарындагы Сыюань университетинде учурда ОшМУнун  Кыргыз-Кытай факультетинин 10 студенти  билим алууда. Студенттер академиялык мобилдүүлүк программасынын  алкагында бюджеттик негизде жазгы семестрди окуп жатышат.
Сиань - Кытайдын эң маанилүү тарыхый жана маданий борборлорунун бири. Сиань 13 династия үчүн байыркы Кытайдын борбору болуп кызмат кылган. Бул жерде Кытайдын эң баалуу археологиялык казыналары, анын ичинде Бириккен Кытайдын биринчи императору Циншихуан күмбөзү табылган, анда атактуу терра-котта жоокерлери бар.  
Мына ушул тарыхый шаарда алмашуу программасынын негизинде билим алып жаткан  Кыргыз-Кытай факультетинин  2-курсунун  студенти  Айгерим Бакытбекова өзүнүн ойлору менен бөлүштү.
“Чет өлкөлүк студенттер үчүн Кытайда билим алуу таптакыр башкача.  Аларга жеңилдиктер жана жеңилдетилген жашоо шарттары каралган жана ар бир  университетте башка өлкөлөрдөн келген студенттер үчүн өзүнчө жатаканалар бар. Алар адатта жаңы, бардык керектүү жабдуулар менен жабдылган жана бөлмөлөр долбоорлонгон. Билим берүүсүнө токтоло кетсем, өтө мыкты деңгээлде, сабактар өз убагында өткөрүлөт, мугалимдер ар бир студентке көңүл бурганга, болгон билимин бергенге аракет кылышат. Ошондой эле билимге умтулган, дилгир студенттер өз билимин тереңдетип, тажрыйба топтошот. Тил үйрөнүүдө практика негизди ролду ойнойт. Ага ылайык, мени менен кошо келген 10 студент болуп  билим алып, кытай тилин билүү деңгээлибизди  практикалап жаткан учурубуз. Бизди Сиань шаары андагы Сиюань университети билим жагынан гана таң калтырбастан  андагы мугалимдер адамгерчилик, сылыктык, тактык, жоопкерчиликтүү мамилеси менен бизди өзүнө тарта алды. Ушундай мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берген ОшМУга терең ыраазычылыгымды билдиргим келет”- дейт ал. 
ОшМУ Сыюань университети эки тараптууу кызматташуу жана  кытай тили, лингвистика  жана IT багыттары боюнча кош дипломдуу билим берүү боюнча  2+2 келишимдерине кол койгон.

Фото галерея