ОШМУДА ОКУП, 20МИҢГЕ ЖАКЫН АЙЛЫК АЛГАН СТУДЕНТТЕР / ОКУУ-ӨНДҮРҮШТҮК КОМПЛЕКС

Башкы Жаңылыктар

ОШМУДА ОКУП, 20МИҢГЕ ЖАКЫН АЙЛЫК АЛГАН СТУДЕНТТЕР / ОКУУ-ӨНДҮРҮШТҮК КОМПЛЕКС

ОшМУнун  Индустриалдык-педагогикалык колледжинде Азия Өнүктүрүү Банкы тарабынан каржыланган “Инклюзивдүү өнүгүү үчүн көндүмдөр: секторду өнүктүрүү” долбоорунун алкагында “Алдыңкы тажрыйба борбору” ачылган. Борбордун 1-кабатында окуу-өндүрүштүк комплекс үчүн тигүү цехтери,  программалык жабдуу менен камсыздоочу өндүрүштөр орун алган. Мында тигүү, программалоо адистиктеринде билим алган  студенттер бир эле мезгилде окуу-өндүрүш комплексинде, окуу менен катар практикалык көндүмдөрдү айкалыштыра алат жана жумуш орундары менен камсыз болушат. Анда даярдалган өндүрүштөр ОшМУнун фирмалык дүкөнүнө сатыкка чыгат.

Бул тууралуу ОшМУнун «Үмүт» телестудиясынын берүүсүнөн тааныша аласыздар.