Ректор ИИМдин  медалы менен сыйланды

Башкы Жаңылыктар

Ректор ИИМдин  медалы менен сыйланды

Image

ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков,  Академиялык иштер башкармалыгынын начальниги Мирланбек Манашов жана  “Дидактика” гезитинин редактору  Тургунбай Алдакулов  Ички иштер министрлигинин “Колдоо көрсөткөндүгү”  үчүн медалы менен сыйланды.
Сыйлык бүгүн, 13-мартта  Ички иштер министрлигинин демилгеси менен өткөн “Коопсуз өлкө – туруктуу келечек” аталышындагы форумунда  ыйгарылды. Медаль   аталган министрлик менен тыгыз иш алып барып, форумду өткөрүүгө көмөк көрсөткөндүгү үчүн  тапшырылды. 
Форумда укук бузуулар жана кылмыштуулук менен күрөшүүдө мамлекеттик органдардын жана жарандык коом институттарынын аракеттерин координациялоо  зарылдыгы жана актуалдуулугу талкууланды.
Форум Министрлер Кабинетинин “2022-2028-жылдарга карата укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын концепциясын ишке ашыруу” боюнча кабыл алынган иш-аракеттердин Улуттук планын жүзөгө ашыруунун алкагында өттү.

Фото галерея