ОшМУ ишкердикти өнүктүрүүдө эл аралык уюмдар менен кызматташат

Башкы Жаңылыктар

ОшМУ ишкердикти өнүктүрүүдө эл аралык уюмдар менен кызматташат

ОшМУ бизнес инкубаторлорду өнүктүрүү максатында билим берүү, эл аралык уюмдар жана бийлик өкүлдөрү менен тыгыз кызматташып келет. Бул багытта 13-мартта  ОшМУнун бизнес паркында  “Бизнестин, билим берүүнүн, эл аралык уюмдардын жана мамлекеттик бийлик өкүлдөрүнүн кызматташтыгы  – жаштар долбоорун ишке ашыруунун жаңы мүмкүнчүлөрү” аталышындагы жыйын уюштурулду. Жыйынга Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн, Ош шаардык мэриясынан, Кыргызпатенттен, түштүк рейгионунлагы жогорку окуу жайлардан өкүлдөр катышты.

Жыйында ар бир окуу жайда ишке ашып жаткан стартап долбоорлордун баяндамалары угулуп, ишмердүүлүктөрү көрсөтүлдү.

Жыйындын алкагында  ОшМУнун 85 жылдык мааракесине карата Стартаперлердин сынагы өтүлөөрү маалым болду. Сынакка өлкөдөгү 32 ЖОЖдордун бизнес тармагына кызыккан, долбоор жазган студенттери катышат.

ОшМУнун бизнес паркы ишмердүүлүгүн баштагандан тарта  7 млн сомдон ашуун каражатка 49 бизнес долбоорлор жана стартаптар инвесторлор тарабынан жактырылып, каржыланган.