Студенттер санарип туризм платформаларын колдонууну үйрөнүүдө

Башкы Жаңылыктар

Студенттер санарип туризм платформаларын колдонууну үйрөнүүдө

Image

Табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар факультетинин туризм багытында окуган  26 студент  санарип туризм платформаларын колдонуу боюнча тренингге катышты.

Студенттер аймактарда туризм тармагында ийгиликтүү иш-аракеттерди жүргүзүү үчүн керектүү инструменттерди Instagram, Facebook социалдык тармактарын жана Whatsapp Business мессенджерин бизнесте эффективдүү колдонуу жолдорун үйрөнүштү.  Ошондой эле  Google Maps, 2ГИС карталарын колдонуу жана ага катталууну өздөштүрдү.

Мындан сырткары  Booking.com, Airbnb, TripAdvisor.com аянтчасында аккаунттарды ачуу, Shelter PMS, Edelweiss, Fidelio сыяктуу мейманканалардын автоматтык системаларын жана WebPMS Travelline мейманкананы башкаруу системасын алып барууну үйрөнүштү.

Окутуу Президент Садыр Жапаровдун  өлкөдө 2030-жылга чейин аялдардын лидерлигин колдоо боюнча мамлекеттик программасы боюнча чыккан Жарлыгынын жана  Интернет Коомунун Кыргыз бөлүмү Американын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин колдоосу жана Кыргызстанда айыл жеринде ишкерликти күчөтүүгө жана чакан бизнести өнүктүрүүгө багытталган долбоорунун алкагында  уюштурулду. 

Максат аялдардын өлкөнүн саясий, экономикалык жана коомдук турмушуна активдүү катышуусу үчүн шарттарды түзүүгө, ошондой эле негизги чечимдерди кабыл алууда алардын ролун жогорулатуу.

Фото галерея