ОшМУнун жамааты “Нооруз-2024” майрамдык оюн-зоок кечесин тартуулады

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун жамааты “Нооруз-2024” майрамдык оюн-зоок кечесин тартуулады

Ош шаарындагы Алымбек датка сейил багында 21-март күнү шаар тургундары жана меймандары үчүн Ош мамлекеттик университетинин жамааты тарабынан «Нооруз-2024» аттуу оюн-зоок кечеси тартууланды.

Майрамга келген шаар тургундарына ОшМУнун таланттуу окутуучуларынын жана студенттеринин концерттик программалары коюлуп, улуттук спорттук оюндар кол күрөш,  аркан тартыш, гир көтөрүү сыяктуу мелдештер уюштурулду. Спорттук мелдештин жеңүүчүлөрүнө кесиптик бирлик тарабынан дипломдор, акчалай сыйлыктар тапшырылды.

ОшМУнун Дүйнөлүк тилдер жана маданият факультети, Финансы-юридикалык коллежи тарабынан улуттук тамак-аштар бышырылып, нооруздун негизги тамагы болгон сүмөлөк кайнатылып, жалпы калың журттун атынан ак тилектер айтылды.

 Ошондой эле, жамааттын ынтымагын, биримдигин көрсөтүп Нооруз майрамын тосуп алууда жогорку уюшкандыкты көрсөтүп жаткан жамааттын ар бир мүчөсүнө ыраазычылык билдирген ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков шаар тургундарын, ОшМУнун жамаатын көктөм майрамы менен куттуктап, жаңырган жыл ийгиликтерге бай, жакшылыктын, токчулуктун, молчулуктун жылы болсун деген тилегин билдирди.

“Нооруз-2024”  кечесине шаар тургундары, меймандары менен биргеликте ОшМУнун окутуучу, кызматкерлери, студенттери да күбө болушту.

 

Фото галерея