ОшМУнун студенттери "Жоогазын" фестивалында ийгилик жаратты

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун студенттери "Жоогазын" фестивалында ийгилик жаратты

Image

Бишкекте Кыргыз улуттук университети тарабынан өткөрүлгөн "Жоогазын" фестивалына ОшМУнун журналистика багытында билим алган 10 студент катышты. 

Фестивалда "Коммуникациядагы жаңы трендер жана технологиялар" деген темада илимий макала жазуу боюнча сынак болду.

Жыйынтыгында сынакка катышкан Бүбүсара Кубанычбек кызы жана Толубай Бурканбеков 1-орунду ээледи. Ал эми Айдана Салиева "Мыкты оратордук чеберчилик" номинациясына, Байстан Табалдиев "Мыкты практикалык изилдөө" номинациясына ээ болушту.

"Жоогазын" фестивалына Кыргызстанда, Казакстанда, Орусияда жарнамалоо жана коомчулук менен байланышуу багытында билим алып жаткан жаштар катышты.

Фестивал жарнама багытында иштегендер менен студенттердин ортосунда байланышты түзүү, тажрыйба алмашуу максатында уюштурулуп келет.