Чех агротехникалык университети менен байланыштар бекемделет

Башкы Жаңылыктар

Чех агротехникалык университети менен байланыштар бекемделет

Image

Чех агротехникалык университетинин окутуунун сапаты боюнча проректору, PhD Петр Валашек ОшМУнун окуу иштери боюнча проректору Нурлан Омуров менен жолушту.

Жолугушууда Эразмус+ программасы боюнча студенттердин жана окутуучулардын академиялык мобилдүүлүк программалары,тажрыйба алмашуулар, биргелешкен илимий долбоорлорду ишке ашыруу, университеттер ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү багытында сөз болду.

ОшМУ менен Чех агротехникалык университетинин ортосунда 2018-жылдын 12-мартында кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлган.  Бул меморандумдун алкагында 2023-жылдын май айында аталган университеттин профессору Петр Кокайсл ОшМУга иш сапары менен келген. Ушул жылдын октябрь айында ОшМУнун эки окутуучусу Чех  агротехникалык университетине барып тажрыйба алмашып келишкен.

Чех агротехникалык университети 1906-жылы негизделген. Университет айыл чарба тармагында гана эмес, экономика жана менеджмент тармагында да жогорку квалификациялуу адистерди даярдап келет. Университеттин 20 миңден ашуун студентинин  13%  чет элдик студенттер.

Фото галерея