ОшМУ Хэнань кытай медицинасы университети менен кызматташат

Башкы Жаңылыктар

ОшМУ Хэнань кытай медицинасы университети менен кызматташат

Image

 

ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков  баштаган делегация Кытайдын Хэнань кытай медицинасы университетинде болушту. 

Жолугуушуунун жүрүшүндө профессордук-окутуучулук курамдын, студенттердин академиялык мобилдүүлүк программаларын ишке ашыруу, медицина жана фармокология багыттарында илимий изилдөө иштерин жүргүзүү маселелери талкууланды.

​Кытай тарап ОшМУда кытай медицинасы боюнча адистерди даярдоо, PhD докторанттарды биргеликте окутуу боюнча сунушун билдирди.   Ошондой эле ОшМУнун клиникасынын базасында “Кытай медицина”  борборун ачуу талкуланды.

Хэнань кытай медицина университети 1958-жылы ачылган.  Кытайдын эң мыкты окуу жайларынын катарына кирет.

Фото галерея