ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобековдун Кытай Эл Республикасына болгон иш сапары уланууда.
Делегация Кытайдын Чжэнчжоу университетинин айыл чарба институту менен кызматташуу келишимине кол койду.
Түзүлгөн келишимдин негизинде ОшМУ айыл чарба жаатында аталган институт менен эт багытындагы койлордун, уйлардын сапаттуулугун жогорулатуу долбоорлору боюнча кызматташат. Ошол эле учурда ветеринария жана агрономия багыттары боюнча ОшМУнун бүтүрүүчүлөрүн магистратурада бюджеттик негизде окутуу, ветеринар адистер ортосунда тажрыйба алмашуу да ишке ашат.