ФРАНЦИЯНЫН ПУАТЬЕ УНИВЕРСИТЕТИ МЕНЕН КЫЗМАТТАШУУ БЕКЕМДЕЛҮҮДӨ

Башкы Жаңылыктар

ФРАНЦИЯНЫН ПУАТЬЕ УНИВЕРСИТЕТИ МЕНЕН КЫЗМАТТАШУУ БЕКЕМДЕЛҮҮДӨ

ОшМУга Пуатье университетинин Экономика факультетинин эл аралык мамилелер боюнча жооптуу өкүлү баштаган делегация келди. Алар ректор Кудайберди Кожобеков менен жолугуп, эки тараптуу кызматташуу боюнча пикир алышты.   Коноктор алдыда биргелешкен билим берүү, ОшМУда акысыз француз тил курстарын уюштуруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Эки тарап 2024-2025-окуу жылында күзгү жана жазгы семестрде Эрасмуз + КА 171 программасынын негизинде студенттердин жана окутуучулардын академиялык мобилдүүлүгүн жакшыртуу боюнча сүйлөшүштү.

ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков башатаган делегациянын  2023-жылдын февраль айында Пуатье университетине болгон иш сапарында Еразмус+ КА 171 программасынын алкагында Пуатье университети менен кызматташуу келишимине кол койгон.

Фото галерея