Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын санариптештирүүдө ОшМУнун ролу

Башкы Жаңылыктар

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын санариптештирүүдө ОшМУнун ролу

Image

Индустриалдык-педагогикалык колледжинде “Билим берүү уюмдары менен социалдык өнөктөштүктүн кызматташуусу учур талабы” деген аталышта тегерек стол өттү. 
Иш чарага Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлөрү, “Секторду өнүктүрүү программасы, Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун менеджери, Ош облусундагы кесиптик лицейлер, колледждердин директорлору,  акимдер, айыл өкмөт башчылары жана иш берүүчүлөр катышты.
Жыйында  Индустриалдык-педагогикалык колледжинин Алдынкы тажрыйба борборунун башка кесиптик лицейлерге жана колледждерге тийгизген таасири,  кесиптик билим берүү уюмдары менен иш берүүчүлөрдүн өнөктөштүгүн жакшыртуу, бүтүрүүчүлөрдү ишке орноштурууга даярдоо маселелеринде социалдык өнөктөштөр менен конструктивдүү кызматташуу, кесиптик стандарттар жана модулдук окутуунун артыкчылыктары талкууланды.
Ошондой эле  Ош облусунун кесиптик жана орто кесиптик билим берүү уюмдарынын окутуучуларынын кесиптик потенциалын жогорулатуу боюнча иш-чараларды өткөрүү үчүн методикалык борбор катары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын санариптештирүүдө  Индустриалдык-педагогикалык колледжинин Алдынкы тажрыйба  борборунун тийгизген таасири жана перспективалары айтылды.
Тегерек столдун жыйынтыгында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын санариптеширүү боюнча талкуу болуп резалюция кабыл алынды. Иш чара Секторду өнүктүрүү программасы, Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун колдоосу менен өткөрүлдү.

Фото галерея