Илимпоз Б.Каримованын 85 жылдыгына арналган эл аралык конференция өттү

Башкы Жаңылыктар

Илимпоз Б.Каримованын 85 жылдыгына арналган эл аралык конференция өттү

Image

ОшМУда Даңк медалынын ээси, Кыргыз Республикасынын Билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, профессор Бурул Каримованын  85 жылдыгына арналган «БИО ар түрдүүлүктү  туруктуу өнүктүрүү жана сактоонун актуалдуу  маселелери» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өттү.

Конференцияга КРнын өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн, Ош шаардык мэриясынын өкүлдөрү, Улуу Британия, Болгария, Польша, Орусиядан онлайн байланыш аркылуу окумуштуулар, Казакстан, Өзбекстандан келген окумуштуулар,  жогорку окуу жайлардын жетекчилери, профессордук-окутуучулук курам, PhD докторанттар, магистранттар студенттер, окумуштуунун үй-бүлөсү катышты.

Конференцияны ОшМУнун окуу иштери боюнча проректору Нурлан Омуров ачып, окумуштуу Бурул Каримова ОшМУ менен жашташ, тагдырлаш экенин белгиледи.  Окумуштуунун өмүр жолу, тажрыйбасы, коомдук  жетекчилик  ишмердүүлүктөрү улуулар үчүн да, кичүүлөр үчүн да үлгү экендигин айтты. 

Конференциянын жүрүшүндө коноктор, илимпоздор Бурул Каримованын баалуу илимий изилдөөлөрү,  адамдык сапаттары тууралуу  сөз кылышты.

Пленардык отурумда  биологиялык ар түрдүүлүк, туруктуу өнүгүүнүн социалдык-экономикалык жана экологиялык көйгөйлөрдү чечүүдөгү ролу, айыл чарба жана туруктуу өнүгүү, БУУнун алкагында тоолор жана климаттын өзгөрүүсү боюнча диалогду алдыга жылдыруу, адамды калыптандырууда заманбап билим берүү технологиялары  багыттарында баяндамалар жасалып, талкуулар болду.

Профессор Бурул Каримова өлкөбүздө биология багытындагы аялдардан биринчи болуп доктордук даражага ээ болгон окумуштуу айым. Ал ОшМУда, ОшТУда жетекчилик кызматтарды аркалап, окуу жайлардын өсүп-өнүгүүсүнө  өзгөчө салымын кошкон. Ошондой эле коомдук ишмер катары Ош шаардык кеңешинин  3 жолку чакырылышынын депутаты болгон. 

ОшМУ менен тагдырлаш болгон илимпоз өзүнүн акылмандыгы, зиректиги, айкөлдүгү менен айырмаланган улуу устат наамына ээ болгон. Бурул Каримова  2020-жылы 81 жаш курагында дүйнөдөн кайткан.

Фото галерея