Билим берүү: Жаңы кабыл алынган окутуучулардын сабактарына анализ жүргүзүлдү

Башкы Жаңылыктар

Билим берүү: Жаңы кабыл алынган окутуучулардын сабактарына анализ жүргүзүлдү

Image

Медицина факультетинин "Фармацевтикалык ишти уюштуруу жана фармакогнозия"  кафедрасына  жаңы кабыл алынган окутуучулар Назпери Раззакова, Бактыгүл Таалайбек кызы, Нурсултан Чотобаев жана Рустамбек Маматов  ачык сабактарды өтүштү.

Сабактарга кафедра мүчөлөрү,  факультеттин методикалык кеңешинин төрайымы жана окутуунун сапаты жана методикалык камсыздоо бөлүмүнүн адистери катышты.

Жумушка жаңы кабыл алынган окутуучулар техникалык каражаттарын эркин пайдаланып, интернет ресурстарын жана креативдүү топтук оюндарды колдонуп, кайтарым байланыш жүргүзүп, кызыктуу, эмоционалдуу сабак өтүшкөн.

Өтүлгөн сабактарды талкулоо анализдөө  учурунда кызуу талкуу жүрүп, жаш окутуучуларга кеп-кеңештер берилди.

Фото галерея