“Мен репортёр" республикалык сынагында ОшМУнун студенттери баш байгени алды

Башкы Жаңылыктар

“Мен репортёр" республикалык сынагында ОшМУнун студенттери баш байгени алды

Image

Кыргыз Улуттук университетинде  өткөн  “Мен репортёр" республикалык  сынагына ОшМУнун журналистика кафедрасынын жана киноакадемиясынын студенттери катышты. Сынак жогорку окуу жайлар арасында өткөрүлдү. Студенттер жарнамалык ролик, атайын репортаж жана документалдуу фильм  багыттарында материалдарды даярдашкан.
Жыйынтыгында киноакадемиянын студенттери Атабек Курмушев, Таалай Жороев, Кайрат Атагулов, Маруф Щокиров жана Сайфидин Шайырбек уулу тарткан “Мурап” портреттик даректүү тасмасы сынактын баш байгесин жеңип алды. Жалпысынан сынакка документалдуу фильм  багыты боюнча 63 тасма келип түшкөн. Студенттер даректүү тасманы киноакадемиянын окутуучусу Эркингул Мамбетакунованын жетекчилигинде даярдаган. 
Ал эми сынакка катышкан  журналистика кафедрасынын студенти Толубай Бурканбековдун “Телефон шылуундары" аталышындагы атайын репортажы уюштуруучулар тарабынан кызыктыруучу белекке ээ болду.

Фото галерея