![](https://oshsu.kg/storage/uploads/thumbnail/yWRKJxnnBdS2Xb4NdqVZ02Z5Nkv4WbgYKANpD79O.jpeg)
Бүгүн, 6-майда КРдин кичи футбол боюнча Кубогунун жарым финалдык оюндары өттү. Жарым финалда ОшМУнун “Университет” кичи футбол курама командасы Алай командасы менен беттешти. Жыйынтыгында 4:2 эсебинде жеңип тарыхта алгачкы жолу финалга жолдонмо алды. Ал эми жарым финалдын экинчи оюнунда Дордой командасы Каракол командасын 5:2 эсебинде жеңип финалга чыкты.
Эртең, 7-май күнү ОшМУнун кичи футбол боюнча курама командасы Дордой командасы менен финалдык беттеш өткөрөт.