Билим берүү: Студенттердин өз алдынча ишин уюштурууда дедлайнды пайдалануу

Башкы Жаңылыктар

Билим берүү: Студенттердин өз алдынча ишин уюштурууда дедлайнды пайдалануу

Image

Медициналык колледждин фармацевтикалык дисциплиналар ПЦКнын окутуучусу Азиза Арзиева Медицина факультетинин ЛК-6-21 тайпасынын студенттерине “Грибокко каршы каражаттар” темасын өтүүдө студенттердин өз алдынча ишин уюштурууда дедлайнды пайдаланууну көрсөтүп берди. Бул сабакка окутуунун сапаты жана методикалык камсыздоо бөлүмүнүн адистери, медициналык колледжинин фармацевтикалык дисциплиналар ПЦКнын окутуучулары жана  медицина факультетинин профессору Ж.К. Муратов  агай катышты.            

Тайпа төрт командага бөлүнүп, бир ай ичинде ар бир команда өзүнө бөлүнгөн тапшырманын үстүндө иштеп, сабакка отчеттук чыгыштарын даярдап келип көрсөтүштү. Командалар теманы өтө кызыктуу, түшүнүктүү, көрсөтмөлүү форматта ар тараптуу ачып беришти. Алар өздөрү чыгармачылык менен даярдаган ролдук оюндар, презентацияларды көрсөтүштү, схема жана таблицаларды түшүндүрүштү. Сабак алдына койгон максатына толук жетти. Командалардын иштөө учурунда жана сабакка активдүү катышкан студенттерге “Ыразычык кат” берилди.

Фото галерея