Өзбекстандын ЖОЖдору менен кызматташуу кеңейүүдө

Башкы Жаңылыктар

Өзбекстандын ЖОЖдору менен кызматташуу кеңейүүдө

ОшМУнун башкы имаратына Ташкент информациялык технологиялар университетинин фергана филиалынын директору баштаган делегация иш сапары менен келди. Алар ректор Кудайберди Кожобеков баштаган структура жетекчилери менен жолугушту. Жолугушууда техника жана IT тармагында кызматташуу, биргелешкен билим берүү, маданий программалады уюштуруу жана алдыда техникалык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча сүйлөшүштү. Ошондой эле келечекте эки тараптуу кызматташууну кеңейтүү жана бекемдөө, окутуучулардын жана студенттердин академиялык мобилдүүлүгүн өнүктүрүү жана университеттер аралык тажрыйба алмашуу маселелери талкууланды.

Буга чейин делегация 2022-жылы ОшМУга келип, эки тараптуу кызматташуу меморандумуна кол коюлган.

ОшМУ учурда Өзбекстандын 50гө жакын ЖОЖдору менен кызматташат.

Фото галерея