Назгул Каныбекова  "Мыкты мугалим-2024" сынагынын республикалык  туруна жолдонмо алды

Башкы Жаңылыктар

Назгул Каныбекова  "Мыкты мугалим-2024" сынагынын республикалык  туруна жолдонмо алды

 

Ош МУнун "Билим" лицейинин математика предметинин мугалими Назгул Каныбекова "Мыкты мугалим-2024" сынагынын республикалык  туруна жолдомо алды. 

“Быйылкы "Мыкты мугалим" сынагы жылдагыдан айырмаланып  предметтер аралык өткөрүлдү. 2023-жылы министрлик тарабынан иштелип чыккан жобонун негизинде ар бир предмет боюнча мыкты мугалим тандалмакчы. Ош шаарынан жалпы 62 мугалим предметтер боюнча сынакка катыштык. Анын ичинен математика предметинен 8 мугалим болдук. Конкурс жалпысынан 3 этап боюнча мектеп ичинде, шаардык деңгээлде, эми болсо республикалык масштабда өтөт”-деди Каныбекова Назгул.